Мындай чечим эмнеге кабыл алынганын угуу үчүн депутаттар каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди чакырмай болушту.

Парламенттин отурумунда Мыктыбек Абдылдаев (“Бир Бол”) паспортко жарандын улутун жазуу чоң саясий маселе экенин белгиледи.

“Бул өтө маанилүү. Паспорттордун үлгүлөрүн ким бекитти? Мен кыргыз экенимди ким өзгөртөйүн деп чечти?”, — деп наарызычылыгын айтты.

Анын партиялашы Алтынбек Сулайманов ЖКга Сарпашевди чакырууну сунуштады.

“Эгер биз парламентте билбесек, төрага билбесе, деги өлкөбүздө мындай маселелерди ким чечет?”, — деди ал.

Жаңы ID карталарда “улуту” деген сап жазылбай турганын мамкаттоо кызматынын төрага орун басары Дастан Догоев билдирген.