Милиционерлерге сылык жана сабырдуу болууга буйрук берилди

Автор -
859

Ички иштер кызматкерлери жарандарга сылык болушу үчүн министр атайын буйрукка кол койду.

Буйрук жарандарга кайрылууда, алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга, улуттук кадыр-баркын кемсинтүүгө жол бербөө максатында кабыл алынды.

Ага ылайык, ички иштер органдарынын ар бир кызматкери милдеттерин аткарууда буйруктун талаптарын кыйшаюсуз аткарууга милдеттүү.

Буйрук 17 пункттан турат:

  1. Жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган КР ченемдик укуктук актыларынын, КР ИИО кесиптик этика кодексинин, кызматта жана  күнүмдүк турмушта жүрүм-турумунун маданияты жөнүндө ИИО насааттамасынын талаптарын милдеттүү түрдө аткарсын.
  2. Кесиптик деңгээлин жогорулатуу менен жогорку кесипкөйлүк деңгээлде өзүлөрүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттерди аткарсын.
  3. Кызматтык милдеттерин аткаруу жана кызматтан тышкаркы мамилелерде жетекчилик, кесиптештер, кол алдындагы кызматкерлер жана жарандар менен пикир алмашууда жалпы жүрүм-турум эрежелерин сактап, өздөрүн татыктуу алып жүрсүн.
  4. Кабыл алган чечимге маани берип жана далил келтирүү менен сылык, сабырдуу, чыдамкайлуу, принципиалдуу болсун.
  5. ИИО ишмердүүлүгүнүн ак ниеттүүлүгүнө, калыстыгына жана натыйжалуулугуна жарандардын ишенимин бекемдөөнү жана сактоону камсыз кылуу үчүн дайыма аракет кылсын.
  6. КР аймагында жашаган элдердин үрп-адаттарына жана каада-салттарына сылык мамиле кылсын.
  7. Башка кызматкерлер тарабынан этиканын ченемдерин бузуу фактылары көңүл сыртында калтырылбасын.
  8. Өзүнүн жетекчисинин, кесиптештеринин же кол алдындагылардын иш аракеттерин, ошондой эле жеке өзүнүн кызматтагы иш-аракеттерин жарандар жана башка адамдар менен талкуулабасын.
  9. Мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти чыңдоо, өздүк курамды адамдарга сылык жана кылдат мамиле жасогоо тарбиялоо, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктерин бузууга жол бербөө маселелери боюнча коомдук түзүмдөрдүн, анын ичинен, этика комиссиясынын, ички иштер органдарынын катардагы жана офицердик курамынын ар-намыс сотторунун ролун жогорулатсын.
  10. Ардагерлер кеңеши менен тыгыз кызматташуу менен биргеликте жаш кызматкерлер менен насаатчылык боюнча тиешелүү иштерди уюштурсун.
  11. Жарандар менен болгон үлгүлүү мамилелерди кызматкерлердин арасында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтылсын, жарандарга сылык жана кылдат мамиле жасаган кызматкерлерди сыйлоо уюштурулсун.
  12. Жарандардын сунуштары, арыздары жана даттануулары толук, объективдүү, ар тараптуу жана өз убагында кароо камсыз кылынсын. Формалдуу, туура эмес чечим кабыл алуу фактылары аныкталган учурда күнөөлүү кызматкерлер тартиптик жоопкерчиликке тартылсын.
  13. Ушул буйруктун талаптары күн сайын кызматка чыгуунун алдында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын өздүк курамына жеткирилсин.
  14. “КР ИИО кызматкерлеринин сылык мамиле кылуусун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” КР ИИМдин мурдагы 2014-жылдын 12-декабрындагы № 1017 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
  15. Ушул буйруктун аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматтарынын жана бөлүктөрүнүн жетекчилерине жүктөлсүн.
  16. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басарына жана кураторлук кылган багыт боюнча орун басарларына жүктөлсүн.
  17. Аталган буйрук ички иштер органдарынын бардык өздүк курамына жарыяланды.