Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаровдон жолдорду оңдоп түзөөдө мыйзам ченемдеринин сакталышын талап кылды.
Депутат Дастан Жумабеков ЖК жыйынында сүйлөп жатып, премьер-министрге Бишкек-Кара Балта жолун оңдоо мыйзам чегинде жүрүп жатабы же жокпу деп тактоону өтүндү.
Ал тендерди 54 млн доллар сунуштаган түркиялык “Kocoglu Insaat Sanayi Tarim ve Hayvancilik Ticaret A.S.» компаниясы эмес, $70 млн сунуштаган кытайлык «China Railway» компаниясы утуп алганын айтып айыптады.
Депутат Төрөбай Зулпукаров Ош-Баткен-Исфана жолунун начар сапатын белгилесе, ал эми депутат Таалайбек Масабиров Төө-Ашуудан түшүп жаткандагы Бишкек-Ош жолуна көңүл буруусун суранды.
Айдаров Бишкек-Кара-Балта жолу боюнча тактоолорду киргизди. «Ал 15-июнда комиссия тендердин талапкерлеринин каржылык сунуштарын гана ачыкка чыгарды. Женүүчү бүгүнкү күндө тактала элек», — деди.
Айдаровдун айтымында, азыр министрлик тараптан компанияны тандап алуу иши жүрүп атат.
Тендерге катышуу үчүн 16 ишкана билдирме тапшырган. Анын 9 гана жарактуу деп табылган. Ал эми «Kocoglu Insaat Sanayi Tarim ve Hayvancilik Ticaret A.S» банктык кепилдикти берген эместигин кошумчалады.
Ош-Баткен-Исфана чуусу боюнча Айдаров бул жол мамлекеттик комиссия тарабынан кабыл алына электигин белгилеп, 15-июлга чейин сапатын текшерүү болуп, бардык кемчиликтердин үстүнөн иштөө боюнча чаралар көрүлөрүүн айтты.
2015-жылы оңдоп-түзөө иштери 2-бөлүктө жүргөн, 2016-жылы бул иштер уланат.
Ошондой эле, Төө-Ашуудагы Бишкек-Ош жолунда болсо чуңкурларды бүтөө иштери болгонун, катуу талкаланган жерлерде 2 катмарлуу асфальтбетон коюлат деди Айдаров.