Премьер-министр болуп дайындалып жатканда Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн “Ишеним жана биримдик” деп аталган программасын сунуштап келген. Аны Жогорку Кеңеш бекитип берген эле. Программага ылайык, өкмөттүн түзүмүндө жаңы мекемелерди түзүү сунушталган. Жаңы түзүмдүн долбоорун Жээнбеков Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Өкмөт төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо:

  • Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиктин базасында өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамкомитетин түзүү
  • Айыл чарба жана мелиорация министрлигине азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү үчүн кошумча функцияларды ыйгаруу
  • Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана электрондук башкаруу борборунун базасында маалыматтык технологиялар мамкомитетин түзүү
  • Экономика, транспорт министрликтеринин, мамкаттоо кызматынын, геология жана минералдык ресурстар агенттигинин функцияларын кыскартуу
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекцияга кендерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияларды кошуп берүү

Өкмөт билдиргендей, түзүмдүн өзгөрүшү штаттын көбөйүшүнө жана чыгымдардын өсүшүнө алып келбейт.