Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдиргендей, алар бир нече шаарда жардырууларды уюштурууну көздөгөн.

Комитет Баткен облусунда эл аралык террористтик уюмга тиешеси бар болгон үч жаранды кармады. УКМК кайсы уюм экенин тактаган жок. Алар Сирияда Башар Асаддын аскерлерине каршы согушуп келгени аныкталды.

УКМК кармалгандар Кыргызстанда террорристтик уюмдун бөлүктөрүн түзүп, жардыргыч заттарды жана куралдарды колдонуп, бир нече шаарда теракттарды уюштурууну көздөгөнүн билдирүүдө. Алардын үйлөрүн тинтүүгө алганда октору бар автоматтар, Ф-1 гранатасы, экстремисттик адабият жана башка жихаддык мүнөздөгү электрондук материалдарды тапты.

Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилди.