Алгач Ёити Масудзоэ жеке кызыкчылыктары үчүн өз саясий фондунан каражат алып сарптат жатат деген чуу чыккан эле. Андан кийин Токио (Жапония) префектурасынын мыйзам чыгаруу жыйыны ага ишенбестик көрсөтүү маселесин карамак. Бирок Ёити алардын жыйынтыгын күтпөстөн, өз эрки менен кызматын калтырууну туура көрдү.
Токионун губернаторунун жумушунан кетишине ал дачасына кызматтык унаасы менен барып келип турат деген маалымат себеп болду. Кийинчерээк ал саясий фондунун эсебинен үй-бүлөсү менен саякаттап, сүрөттөрдү жана кытай кийимдерин сатып алып жатканы белгилүү болгон.
Буга чейин Масудзоэ айлыгын кайтарып берүүнү убадалап, сентябрга чейин иштеп турууга уруксат сураган.
Булак: Российская газета