“Кыз — конок” деп коёт, туурабы? Ошол конок жыйырмадан жашы эми өтсө эле өзүнчө бушайман боло баштайт. Себеби үйдө да, чүйдө да “качан кетесиң күйөөгө” дегендер башталат.
Бул суроо менен эң көп кайрылгандар кара тизмеге түшүп, бирок той болсо эле биринчи кезекте чакыруу кагазы жөнөтүлчү адамдардын катарына кирет.
Анан да, булардын өзүнчө эле жеке душмандары бар. Ал апасынын курбуларынын кыздары. Анткени туугандарымдын айтымында, «жада калса кошуна Бактыгүлдүн капкара кызы турмушка чыгыптыр, а мен жүрөм дагы деле кайдагы бир долбоорлорго катышат элем» деп.
Факт: Кошуналар өзүнүн кыздарынын тагдырына эмес, менин тагдырыма чын ниеттен күйүшөт.
Ал эми көргөн жерден “Ии турмушка чыктыңбы?” деген суроону берген коңшу эжекеме жооп: Айланайын эжеке, мына ушул суроо такталаар замат, дароо сизге чуркайм. Сиз биринчи угасыз.
Негизи эле, бойго жеткен кыз тойго барбай эле коюш керек. Жеңелер, эжелер биздин колубуздан келбегидей, түз эле болочок жолдошторду таап, кудалай баштайт.
“Тандаган тазга жолугат болбой, сүйлөшө бер да, антпесе балдар аз азыр” деген сөздөрдү уга берип, ишене баштадым.
Факт 2: “ Эски тааныштардын биринчи суроосу, туура-туура “качан күйөөгө?”.
Мени күйөөгө тийди деген жаңылык чет өлкөгө окууга кетти дегенден да жагымдуурак угулат болуш керек.
Эмне экен, турмушка чыгуу оңой эмес, балдар аз. Гарвардга болсо эл өтүп эле атышпайбы.
Таарынууга болбойт. Калыптанып калган түшүнүк. Ар бир кызга бул суроо узатылат. Ар бири кыйналат. Жаман көрөт. Бирок кысым деп айтууга болбойт. Болгону кыргызда кыздардын аялдык бакыты баарынан бийик турат.