Окуяга күбө болгондордун айтымында, ал өзү эле секирген.
Кечээ саат 15:27де тез жардамга кайрылышып, Лев Толстой-Ибраимов кесилишинде адамды поезд коюп кеткенин кабарлашат. Дарыгерлер барып, 60-65 жаш курактагы европалык улуттагы аялдын сөөгүн табышты. Күбөлөр аял поезд келе жатканда өзү секирип, өмүрүнө кол салганын айтып беришкен.