Европа чемпионатынын тайпалык этабында 3 матч ойноп, орус командасы болгону бир гол киргизе алды. 1 упайы менен Орусия плей-оффко чыкпай калды.
Кечээ Уэльс менен беттешкен акыркы оюнда 0:3 эсебинде жеңилгенден кийин Леонид Слуцкий пресс-жыйын өткөрүп, андан кийин жумушунан кете турганын жар салды. Анын айтымында, 2018-жылдагы дүйнө чемпионатына команданы башка адис даярдашы керек.
“Биз көрсөткөн футбол үчүн күйөрмандардан кечирим сурайм. Стадиондон жана телевизордон көрүп отурган күйөрмандарыбыз мындайды көрбөшү керек эле. Күнөөнү өз мойнума алам. Бизде даярданып алганга убакыт бар болчу. Бирок андай болбогондон кийин машыктыруучу өз жумушун жакшы аткара албай калганы анык”, — деди ал.