Текшере келгенде, алар коңшу өлкөлөрдүн биринде издөөдө жүргөнү аныкталды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Сирияга рекруттарды (акча үчүн согушка катышкан адамдар) жөнөткөн каналдарды таап, жабуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп, 1992 жана 1966-жылы туулган эки кишини кармады. Алар чектеш мамлекеттердин биринде издөөдө жүрүп, быйыл февралда Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен. УКМК кылмыш ишин козгоп, эки жаранды камакка алды. Тергөө уланууда.