Бүгүн Ак үйдүн алдында укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы акция өткөрдү.
Өзү Saat.kg’ге билдиргендей, ал бул мыйзам долбоору “Азаттык” радиосуна эле каршы болуп жатканын айтты.
“Ар кандай шылтоону айтымыш болуп, бирок алардын максаты — радиону жаап салуу. Акциянын аталышы “эл аралык медиа уюмдарга кулпу салбагыла” деген маанини түшүндүрөт”, — дейт активист.