Бишкек шаардык соту 29-мартта Чакиевди күнөөлүү деп таап, 3,5 жылга эркиндигинен ажыраткан. Ага чейин Биринчи май райондук соту 6 жылга кескен эле.
Жогорку соттун отуруму бүгүн өттү. Туризм департаментинин мурунку жетекчиси Максат Чакиев эки кылмыш иши боюнча соттолуп жаткан. Биринчиси — ИИМ кызматкерине 92 миң сом пара берген деп айыпталса, экинчиси боюнча – документтерди жасаган деген берене боюнча соттолуп жаткан эле.
Документтерге байланыштуу кылмыш иши боюнча Жогорку сот Чакиевди толугу менен актады. Ал эми пара бергендиги боюнча Максат Чакиевдин күнөөсү далилденип, 500 миң сом айып төлөй турган болду.