Уюмдун эсеби боюнча калктын курамында 65 жаштан жогоркулардын саны аз болсо, башкача айтканда 4%дан ашпаса, ошол өлкөнүн калкы жаш болуп эсептелинет.

65 жаштан улуу болгондор калктын 4-7%ын түзсө, «карып бараткан» эл болуп эсептелет. 7%дан өйдө болсо калк «карыган» элдерге кирет.

2016-жылдын башында Кыргызстан элинин санында 65 жаштан жогоркулар 265,3 миңди түзүп, 4,4% болгон. Бул КРдин калкы азырынча жаш дегенди билдирет. Ал эми Казакстанда көрсөткүч 7%, Молдовада -10%, Орусияда 13%, Украинада 16% болгон. Бириккен улуттар уюмуну болжолдогондой, 2030-жылга карата Кыргызстандагы  уулгайган адамдардын саны эки эсеге көбөйүшү мүмкүн.

Маалымат: Улуттук статистикалык комитети

Бөлүшүү