Жалпы маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам долбоорго 79 макул болуп, каршы 30 депутат добуш берди. Жалпы 109 депутат.

10-июнда «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү» мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Социалдык маселелер боюнча комитет мыйзам долбоорун жактырган. Демилгечилеринин бири Кожобек Рыспаев телеканалдардын 65% Кыргызстандан каржыланышы керек деп түшүндүргөн. Калган 35% чет өлкөдөн каржыланса болот.

Буга чейин ЖМК тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек экенин айткан. Коомчулук жана айрым депутаттар депутаттын бул демилгесин «Азаттыкка» каршы көтөрүлдү деп баалашкан.

«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун демилгечилери — КСДП фракциясынын депутаттары Кожобек РыспаевИскендер Матраимов жана “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Жыргалбек ТурускуловТаабалды Тиллаев.

Бөлүшүү