Спорт оюндарынын ханы деп эсептелинген футбол 2 жумага жакын өз күйөрмандарын сыналгыдан алыс жылдырбай келет. Евро-2016 чемпионатын көрүп гана ырахат албастан, кумар алып байге сайган ышкыбоздордун да убагы келди.

Кыргызстанда расмий букмекердик контораларга тыюу салынган. Бирок онлайн түрүндө, интернет аркылуу ойноого болот. Байге саюу он сомдон жогору башталат.

Кыргыз күйөрмандарынын сүймөнчүктөрү: Германия, Франция, Испания жана акыркы жаңылыктарга байланыштуу Хорватия.

Дал ушундай онлайн байге саюуну жүргүзгөн тотализатор “Web money’дин” күзөтчүлөрүнүн бири Тимур Амантур уулу “Кыргыздар чоң суммадагы акчаларды саюудан кооптонушат. Менин көргөнүм боюнча эң көп деген сумма бул  50 миңге чейин”, — дейт.

Чынында эле келген кардарлар көп учурда 2000ден баштап 20 миңге чейин коротушат. Бирок чыныгы ышкыбоздор да четтен чыгат.

Германия утат деп 50 миң сом коюп, бир коркпостон, бул командага ишенип турган Нуржан “Башка жыйынтыкты күтүп атасынарбы?”, — деп күлдү.

Тажрыйбалуу күйөрман Каныбек Сапарбаев «Бул жолу финалдык беттеш Германия менен бир команданын ортосунда болот, Францияга көп ишене бербейм. Мен буга чейин Германияга койсомбу деп ойлонуп жүргөм. Бирок немистердин оюну бул чемпионатта мени канаттандырбай жатат”, — деди.

Каныбек тобокелге салып, Германияга $1000 койгонго даяр. Бул кураманын коэфициенти — 5.40.

Негизинен финалдык беттешке жакыныраак чоң байге саюу башталат. Миллиондоп койгондор болот”, — дейт кардарлардын бири Бактынур. Анын айтымында, 5-6 миллион уттуруп, бирок уткандарды көргөн эмес.

Нургазы Бекболсунов — Испаниянын күйөрманы. Ал финалдык беттеш Испания-Германия ортосунда болот деп 15 миң сом койгон.

Көпчүлүк букмекердин кардарлары сурамжылоодо Германия чемпион болот деп айтып, 10 миң сомго чейин коюуга даяр экенин айтышты.

Бөлүшүү