Жолду курууга кошумча каражат 2016-жылдын бюджетинде каралган эмес. Ошону үчүн депутаттар ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташты.

Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолуна кошумча акча бөлүү маселеси бүгүн Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы боюнча комитетинде каралды. Депутат Аскарбек Шадиев (“Бир Бол”) белгилегендей, унаа жолун куруу иштери акча бөлүнбөй эле башталган.

Май айында Балыкчы-Корумду жолун салууга өкмөт 100 млн сом тапканын жарыялаган. Бул акча жолду салып жаткан кытайлык “Лонг Хай” компаниясына которулган.

Андан кийин каржы министрлиги дагы 500 млн сом тапкан. Бирок апрелде кытай компаниясы каражат түшпөй жатат деп жумушун токтотуп койгон. Компания өкмөт төлөй элек, бирок аткарылган жумуштун суммасы 300 млн сомду түзөт деп билдирген эле.

Булак: Akchabar.kg