Иран Ирактын түндүгүндөгү Күрт автономиялуу районунун бир нече аймактарын бомбалайт.
Бул тууралуу Ирандын революциялык гвардиянын кургактагы аскер күчтөрүнүн башчысы генерал Мухаммед Пакпур билдирген. Анын айтымында, кийинки күндөрү Ирак менен чектешкен аймактардагы Иран коопсуздук күчтөрүнө багытталган кол салууларга жооп беришмекчи.
15-июнь күнү Пешмергеде Күрдстан Демократиялуу Партиясы менен Иран аскерлеринин ортосундагы кагылышуудан 20 ирандык аскер жана 6 пешмергелик каза болгон. Эгер аларга каршы чара көрүлбөсө, дагы да коркунуч туулушу мүмкүн. Ошондуктан, террорчулардын кай жерде жайгашкандыгын таап, бомбалай турганын белгиледи.
Иран аскер күчтөрү кече Күрдстан Ирак автономиялуу районунун Эрбил шаарына караштуу Соран кыштагына ташталган бомбадан үч жаш бала жана эки чоң киши жаракат алган.
Ал эми Күрдстан Автономиялуу районунун расмий сайытында КАРБ ар дайым коңшулар менен тынчтыкты сакташаарын белгилеп, бул террорчулардын эки тараптуу кагыштыруу максаты деп атаган. Иран менен Түркиянын бомбалоосунан бейажал адамдар өлүп жатат, бомбалоолор токтолсун деп талап жазылган.