Бул маңзатты чегип алган адам өзүнүн кыймыл-аракетине жооп бербей, эмне кылып жатканын билбейт. Галлюцинация болуп, кийин депрессияга туш болот. Айтор, таасири тез эле тарап кеткени менен, жанын коёрго жер таппай, бир жумадан бир жылдык убакытка чейин өзүнө келе албай кыйналат. Чеккен адам башка наркозаттарга байлангандай эле көз каранды болуп калат.
Спайс синтетика түрүндө химиялык жол менен алынат. Анын курамында тетро-гидро канабинол деген кошулма бар. Бул кошулманын ооруну басаңдатуучу касиети бар болгону үчүн рак ооруларына дары катары ойлоп табылган. Башка максатта колдонулуп кетип, дүйнөдө 2004-жылы интернет магазиндерде бренд чылым катары сатыла баштаган. Аны ромашка, календула сыяктуу башка кошумча чөптөргө да кошуп сатышкан. Негизи өзүнүн жеке формуласы жок болгондуктан, өндүрүүчүлөр улам курамын өзгөртүп жасай беришет. 2009-жылы аны өсүмдүк эмес, синтетикалык жол менен алынган химиялык маңзат деп Орусияда, Америкада жана Евро Биримдиктин катарындагы өлкөлөрдө тыюу салынган.
Синтетикалык наркозаттардын бул түрү Кыргызстанга 2013-жылдын соңку айларында келе баштаган. Алгач ага маани берилбей тез эле жайылып, интернет жана көчө жарнактары аркылуу ачык эле сатылып турган. 2015-жылдын декабрь айында мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, «спайс» сыяктуу психотроптук заттарды колдонууга жана сатууга формалдуу түрдө тыюу салынган. Маңзатты колдонгон жана аны сатуу менен алектенген жарандар кармалып, 5 кылмыш иши козголгон. Жакында баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан дагы 2 адам кармалган. Өздүк маалыматтарга ылайык, 2015-жылдын декабрь айында “спайс” менен кармалган А.Б. аттуу жаран июнь айында шарттуу түрдө 9 жылга эркинен ажыратылган.
Колдонуп көргөн жарандардын айтып берүүсү боюнча, алардын бири катуу коркууга дуушар болсо, бири айланада эмне болуп жатканын аңдабай калган. Бул маңзат адамдын аң-сезимине да таасир бергендиктен, бири коомдук жерде жылаңачтанып чечинип алса, бир өспүрүм тогузунчу кабаттан секирип кетейин деген.
Кытайдан Казакстанга сатылып, андан бизге келип турган. Колдонуучулардын орточо жашы 14-30 жаш арасы. Кыргызстанда тыюу салынгандан бери ачык сатылбай калган. Сатуучу-алуучулар өтө сырдуу жана оперативдүү иштегендиктен, байланышуу мүмкүн эмес.
Интернет форумдарында орусиялык колдонуучулардын «спайс» жөнүндө ачык жазгандары кездешет. Аны бир эле жолу чеккенине карабай оору же соо эмес түшүнүксүз абалда жүрүшкөнүн, оорукчан болуп калгандарын өкүнүп жазгандар бар. Алардын баары бул маңзатты ойноп болсо да колдонуп көргөндөн кайткыла, эч качан жашооңорго жакын жолотпогула деп эскертишет.