Улуттук статистикалык комитет эсептегендей, 2016-жылдын башына карата Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6 млн 20 миң киши болгон. Анын 66,3% айылдарда, 33,7% шаарларда жашайт.
2016-жылдын башында аялдардын саны 3 млн 39 миң (50,5%) болуп үстөмдүүлүк кылган. Эркектердин саны 2 млн 981 (49,5%) миң болгон. Бирок, төрөлүү көп болгон аймактарда көрсөткүч тескери болгон.
6 млн 20 миң адамдын 2 млн 8 миңин (33,3%) балдар менен өспүрүмдөр, 3 млн 586 миңин (59,6%) эмгекке жарамдуулар жана 426 миңин (7,1%) эмгекке жараксыз улуулар түзгөн. Аял-эркек саны болжолдуу түрдө 40 жашка келгенде теңелет да, 80 жаштан өйдө аялдардын саны эки эсе көп болот.
Калктын орточо жашы жылдын башына карата эки аял-эркек ортосунда 27,4 жашты түзүп, эркектердики 26,4 жаш, аялдардыкы 28,3 болгон.
Эмиграциянын натыйжасында калктын улуттук курамы өзгөргөн. Кыргыздардын, өзбектердин жана башка улуттардын саны өсүп, орус, украин, белорус, жөөт, немис жана башкаларыныкы азайган. 1990-2000-жылдардагы эмиграцияга карабастан 100 ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. 2015-жылдагы эсеп боюнча кыргыздар 4 млн 393 миң (73%), өзбектер – 879 миң (16,4%), ал эми орустар – 361 миң (6%) болгон.