Бул тууралуу түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин башкы катчысы Рамиль Хасанов билдирген.

Ал «экинчи жолу Кыргызстанда өткөрүүгө мүмкүндүк бергенбиз, эми үчүнчү оюндар Стамбулда өтөт«,- деп туризм министирликтеринин өткөн кеңешмесинде белгилеген.

«Бул такталбаган маалымат,  азырынча кайсыл мамлекетте болоору белгисиз»,- дейт туризм департаментинин мүдүрү Азамат Жаманкулов.

Уюштуруучулардын айтымында, оюндар Кыргызстанда деле кайрадан өтүшү мүмкүн. Бул туристтерди тартып, мекенибиздин атын таанытууда жакшы мүмкүнчүлүк. Демек, эмки оюндарды башка бир облустарда өткөрүү маселесин көтөрүүгө болот.