Спикер Чыныбай Турсунбеков бүгүн Германиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Петер Шольцту кабыл алды.

Жолугушууда тараптар эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги жана парламенттер аралык диалог маселелери талкууга алынып, эл аралык актуалдуу көйгөйлөр тууралуу пикир алмашышты.

Турсунбеков эки өлкө ортосундагы жогорку деңгээлдеги кызматташууга канаттанганын билдирди. Төраганын айтымында Кыргызстан Германияны Европадагы өтө маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү катары карайт.

“Өлкөлөр ортосундагы карым-катнаш эки жактуу мамилени активдештирүүгө жана толуктоого шарт түзөт. 2012-2015-жылдардагы президент Алмазбек Атамбаевдин Германияга болгон расмий иш сапарында, Германиянын Кыргызстанга болгон жылуу мамилеси билинди”, – деди ал.

Кезегинде Шольц Германия Кыргызстанда парламенттик демократиянын курулушун колдойт деп белгиледи.

“Түзүлгөн саясий диалогдор эки өлкөнүн тең кызыкчылыгы. Ошондой эле маданий – гуманитардык мамилелер да жогорку деңгээлде болууда. Бирок, биз сөзсүз түрдө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө күч жумшашыбыз керек. Биз Кыргызстан менен ачык диалог жүргүзүүгө даярбыз”,– деп кошумчалады.

Андан тышкары, тараптар Германиянын жетекчилигинин Кыргызстандагы сапары тууралуу да сүйлөшүштү.