Тяньцзинь шаарында ушул күндөрү “Жайкы Давос-2016” экономикалык форуму өтүүдө. Кыргызстандын атынан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баш болгон делегация катышууда. Форумдун жүрүшүндө шаар мэри Хуан Сингуо кыргыз өкүлдөрү менен жолугушту.
Тяньзцинь мэри өз шаарынын тейлөө, маалымат технологиялары, фармацевтика жана унаа өндүрүү сыяктуу тармактардагы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди. Ал эми Жээнбеков Кыргызстан менен Кытай бир топ экономикалык долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгиледи.
Хуан Сингуонун айтымында, Тяньцзинь шаары Кыргызстандын айыл чарба продукциясына кызыкдар.
“Мисалы, силердин мөмө жемиштериңер абдан даамдуу. Биз Кыргызстандан айыл чарба продукциясын алып келүү боюнча кызматташууга даярбыз”, — деди ал.