Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетин түптөп, аны өнүктүрүп гана койбостон, башка өлкөнүн чабасын да гүлдөткөн.

Эгемендүүлүктү алгандан кийин бул инсан тууралуу аздыр-көптүр билип калдык. Кийинки күндөрү анын өзү жазган китептери да кыргызчага которулду. 1916-жылдагы орустардын кыргынынан ата-энеси жана бир туугандарынан ажырап калган Абдрахманов оор турмушта бышып жетилген.

Жусуп 18 жашында партиялык жумуштарга аралашып, совет бийлигин орнотууга катышкан. 1920-1924-жылдары ар кандай партиялык кызматтарда иштөө менен катар эле кыргызга мамлекеттүүлүк алып берүү үчүн күрөшкөн. 1927-жылы 26 жашында Кыргыз АССРнин эл комиссарлар советинин төрагасы (премьер-министр) болуп дайындалган. Ал башкарган мезгилде Кыргыз АССРинде агрардык реформалар жүрүп, алгачкы курулуштар, унаа жолдор, социалдык имараттар курулган. Ал Кыргыз Автономдуу Республикасын союздук республикага айлантуу жөнүндө бир нече ирет Сталинге кат жазган.

1928-жылы жалпы ССРБде «беш жылдык план» реформасы башталат. Бардык союздук жана автономдук республикалар Маскөө көргөзүп берген өлчөмдөгү планды толтуруп бериш керек болгон. 1930-жылдардын башында кургакчылыктын жана көп өлчөмдөгү план толтуруу ССРБдин айрым аймактарында калктын турмушун оордоткон. Алсак, Украина, Казакстан, Сибирде жана бир нече аймактарда ачарчылык башталып, миңдеп адамдар өлүп башташат. Жан сактап калуу үчүн көрүнгөн тарапка эл калгып жөнөйт. Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл аймактарына 130 миңден ашуун казактар ачкачылыктан улам келишкен. Бул кырдалды көрүп-билип турган Жусуп Абдрахманов жана башка республиканын жетекчилери көрсөтүлгөн планды азайтууга мажбур болушкан. Эл ачарчылыктан кырылып калбасын деп, үрөн фондусунан пайдаланууга уруксат берген.
Жусуп АбдрахмановОшентип Кыргыз автономдуу советтик союздук республикасын союздук республикага айлантуу аракеттери жана карапайым элди кырылбасын деп дан бергени кийин Абдрахмановду «эл душманына» айландырды. 1933-жылы сентябрда компартияга каршы аракеттенген деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган.  1933-жылы сентябрда компартияга каршы аракеттенген деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган.

Мындан кийин ал кызматтык сүргүнгө айдалган. Ортоңку Волга крайынын (Азыркы Волгоград облусу) мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп калат. Экономикалык оор каатчылыктан улам, планды ашыкча аткарган Волга аймагы да ачарчылыкка туш келип отурган.

Мурда республиканы 6 жыл жетектеп иштин көзүн билген Абдрахманов дароо ишке шуулданып киришет. 2 жыл ичинде колхоз, совхоздорду калыбына келтирип, союздагы эң алдыңкы чарбага айланткан. 1935-жылы кызматынан алынып, Оренбург облустук компартиянын жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык боюнча орун басары болуп дайындалат. Бул жерде да Жусуп өзүнүн иш тажырыйбасынын мыктылыгын көрсөтүп, чарбаны көтөрүүгө жан үрөп иштеген.

Бул жерде да болгону 2 жылга жакын иштеген Жусуп Абдрахманов чарбада өзүнүн өндүргөн көрсөткүчтөрү, сарптаган каражаттар азайып, мамлекетке берген төлөмү көбөйгөн. Жусуп Абдрахмановдун сылыктыгы, адамгерчилиги Волга да, Оренбургда да айланасында иштеген адамдарды өзүнө тартып алган. Ал ар дайым тактыкты жана тартипти жактырган. Анын мындай сапаттары үчүн кол алдындагылар гана эмес, анын үстүндө караган чоң кызматтагылар да сыйлашкан. Ар дайым жакшы мамиледе болуп, Абдрахмановго сылык кайрылышкан.

Бирок ал жерде да көпкө иштей алган жок. 1937-жылы Абдрахманов контрреволюциячыл Алашордо уюмунун катышуучусу деген жалаа менен камакка алынган. Чарбадан кетип жатканда кошо иштегендер анын кетишин каалашкан эмес экен. Кийин көпкө чейин Абдрахманов тууралуу жакшы пикирлер менен эскерип жүрүшүпүр. Тилекке каршы, анын жасаган таза, чынчыл иштери, өзүнө душман болуп, жалган жалаалар коюлуп, 1938-жылы 5-ноябрда атылган.