Кармалгандардын баары бир топ уюштуруп алышкан. Топ быйыл жазында акча алмаштыруу жайын тоноп кеткени аныкталды. Алардын жетекчиси, М.Б. аттуу жаран, буга чейин Ош шаарында кишини тоноп, бир миллион доллардан ашуун акчасын ээлеп алган. 2011-жылы 16 жылга соттолгону менен эки жылдан кийин амнистия менен чыгып кеткен.

Кылмышка шектүүлөрдү кармаган ИИМдин 10-башкы башкармалыгы билдиргендей, диний-экстремисттик топтун мүчөлөрү амалият менен алектенип жүргөн. Башкача айтканда, топту камсыз кылуу үчүн тоноого барып турган. Түшкөн каражатка экстремисттер мечит жана спорт клубдарында 18-22 жаштагы балдарды ИШИМге даярдап жатканы аныкталды.

Кармалган жарандардын арасында 21 жашар эки бала жана 24 жашар бир мүчөсү бар. ИИМ билдиргендей, алардын баары буга чейин бир нече жолу тоноочулукка барып, экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүк менен алек болгон.

Жашаган үйлөрүн жана машинесин тинтүүгө алганда такфиристтик-жихаддык жана салафиттик идеологияга үндөгөн экстремисттик материалдар жана баңги заттар табылды. Ошондой эле, 9 мм калибриндеги тапанча окторун таап алышты.

“Жайшуль Махди” диний уюму соттун чечими менен Кыргызстанда экстремисттик жана террористтик деп табылган. 2011-жылдын январында Беш-Күңгөй айылында жана 2015-жылы күзүндө Бишкекте уюмдун жетекчилери атайын операцияда жок кылынган.

Бөлүшүү