2015-жылдын октябрь айынын аягында ишке киришкен VI чакырылыштын депутаттары жайкы эс алууга кеткени жатат. Saat.kg алардын коомчулукта кандай жоруктары менен эсте калганын сунуштайт.

1
Сүрөт: sputnik.kg

Жаңы креслого отургусу келген депутаттар

Алгач эле VI чакырылыштын депутаттары мурункулардын отургучтарына отургусу келбей, 2,6 млн сомго 120 жаңы кресло сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Мындай көрүнүш коомчулукка жакпай калып, дароо сынга алды. Социалдык тармактын колдонуучулары “Өз отургучум өзүмө жагат” деген аталыштагы флешмоб акциясын уюштурушуп, эстафетаны ЖК депутаттарына узатышкан. Акыры эл сынына кабылган депутаттар отургучтарды сатып алууну токтотушту.

2
Сүрөт: kenesh.kg

Мандат чыры

Парламентке келип-келбей жатып “Кыргызстан” фракциясынын эки депутаты Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенаманова депутаттык мандаттарынан ажыратылды. Муну БШК «Кыргызстан» фракциясынын эки депутатынын арызы жана фракциянын чечими себеп болгонун билдирген. Бирок алар эч кандай арыз жазбаганын айтып, алардын атынан жасалма арыз жазылганын билдиришкен. Ошондой эле, мандаттан ажыратылганын мыйзамсыз деп баалашкан.

3
Сүрөт: azattyk.kg

“Республика – Ата-Журтка” батпаган Жыргалбек Саматов

Мурунку чакырылышта бир дагы мыйзам долбоорун жазбаганын айткан депутат Саматов «Республика-Ата Журт» фракциясынын мандаты үчүн жетиштүү добуш ала алган жок деген жүйөсү менен БШК алгач ага орун берген эмес. Бир нече соттук териштирүүнүн арты менен акыры парламентке келген.

БШК партиянын тизмеси боюнча Саматовго мандат тапшырган. Бирок фракциянын лидери Өмүрбек Бабановдун айтымында, ал Орусиянын жараны. Анын мандат алышын мыйзамсыз деп фракциянын катарынан өз алдынча чыгарышты. Бирок, расмий түрдө, Саматов фракциянын мүчөсү болуп кала берет.

4
Сүрөт: limon.kg

“Майда бизнестерин” мандатынан жогору койгондо

Эки жолку чакырылышта тең депутат болуп шайланган Текебаевдин ишенген тиреги Жоомарт Сапарбаев күтүлбөгөн жерден мандатын тапшырган. Ал «майда бизнестери» менен алектенүү үчүн депутаттыктан кетип жатканын билдирген.

5
Сүрөт: kenesh.kg

Адам бойдон калгысы келген журналист

Элге КТРКнын алып баруучусу катары таанылган “Бир бол” фракциясынын депутаты Лунара Мамытова өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Ал депутат эмес, адам бойдон калууну  жана кресло үчүн өлбөй турганын жарыялаган.

6
Сүрөт: kenesh.kg

Салянованын мыйзам долбоорлору

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова көтөргөн мамлекеттик каттоодон өтмөйүнчө нике кыюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууланды. Мыйзам долбоорунда нике кыйган молдонун жоопкерчилиги каралмак. Ошол эле учурда калк арасында бул оң жана терс маанайда талкууланды. Оң тарабы көп аял алууга жолтоо жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укугу корголо тургандыгын айтышты. Ал эми терс жагын айырымдар эл өкүлү никеге каршы чыгып жатканын билдиришкен. Мындан тышкары, Салянова өлгөндө конокторго тамак берүүгө тыюу салыш керек деген сунушу менен эсте калды.

7

Мээрбек Мискенбаевдин куудулдар менен болгон акыйнеги

Куудулдарга сын айтам деп жылдызга айланып, журтка таанылды. Мискенбаев Бек Борбиев Минск шаарына барып ырдап, куудулдар болсо апрель баатырларын шылдыңдап жатышкандыгы үчүн алардын наамын алыш керек экенин айткан. Бийликчил партия менен депутаттыкка келген Мискенбаевди куудулдар сынга алган. Коомчулута азыркы күнгө чейин сөз кылышууда.

8

Президенттикке талапкер кыргыз тил сынагын тапшырбай эле койсун

Жаштайынан Бабановду колдоп жүрүп, араңдап Жогорку Кеңешке келген “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жеенчороев президенттикке талапкер мамлекеттик тил сынагын тапшырбай эле койсун деген сөзү элдин кыжырын келтирди. Анын айтымында, президент сүйлөбөстөн иштеши керек экен. Эл өкүлүнүн мындай пикирин жактырбаган коомчулук тез арада аны сынга алып, активист “Жеенчороев жерибе” деген митинг дагы уюштурду.

9
Сүрөт: kenesh.kg

Төрдүн агасын шайлоо

Сооронбай Жээнбеков «түшүнө кирбей туруп премьер-министр болуп калганда» анын агасы ЖКнын экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков кызматтан бошотулган. Андан кийин эле спикерликке эки талапкер “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан аттанып, тең добуш алып калган. Чыныбай Турсунбековдун талапкерлиги жактырылып, аны ЖК төрагасы кылып шайлап коюшту.

10

Жанар Акаев менен Чубак ажынын айтышы

Парламенттеги жума намаздын убактысын узартуу же узартпоо маселеси каралып жатканда айрым депутаттар каршы чыккан. Анын ичинде КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев бар болчу. Чубак Ажы Жанар Акаев жана каршы чыккан депутаттарга өз оюн айткан. “Алардын жаназасында турбай жана менин жаназама келип катыштырбоону мураскерлериме осуяттаймын. Буларга добуш бербеймин жана мени уга турган бир туугандарыма дагы ушул осуяттарды багыштаймын. Муфтий болуп турган болсом, булардын жакшы-жамандыктарына катышпасын деп жалпы имамдарга буйрук берет элем”, — деген.

Ошол эле күнү Жанар Акаев Чубак ажыга жооп кайтарган.

“Тиги өзүн пайгамбарга теңеп алган Чубак ажы, Мотуев сотуевдерге теңелип отурбай, ушулардан өйдө эле болуп койсом болмок, анткени алар динди, өзгөчө исламды бетке кармап, ажылдап көнүп калган бир немелер эмеспи. Алар сөзсүз тиешелүү органдарга жооп бериши керек”, — дейт эл өкүлү.

Мындай кайым айтышуу президентке чейин жетип, ал Кыргызстан светтик өлкө деген конституциялык принципти бузууга жол берилбеши керектигин айтты. Мындай билдирүүлөр түз эле ИГИЛге алып бара турганын билдирген.

11
Сүрөт: knews.kg

«Азаттыкка» асылган мыйзам долбоору

Жогорку Кеңештин депутаттары “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Долбоор чет элдик ЖМКларды чектөөгө багытталган. Мындай өзгөрүүнү айрымдар сөз эркиндигине кысым көрсөтүү деп баалаган. Ошол эле учурда көпчүлүк “Азаттык” үналгысын жабат деп кооптонуп жатышты. Жарандык активисттер “Азаттыкты” колдоп митингге да чыгышты. Мыйзам долбоордун демилгечиси КСДП фракциясынын депутаттары Кожобек Рыспаев долбоор чала болуп калганын айтып, ЖК жыйынын күн тартибинен алып салган. Эртеси эле “Азаттыкты” айткан эмесмин, мыйзам долбоорунда телеканалдар тууралуу гана айткам”, — деп сөзүнөн кайткан. Мыйзам долбоор депутаттар тараптан канча сындалса да ЖКнын биринчи окуусунда жактырылды.

Бөлүшүү