Кумтөр кенин иштеткен алгачкы компания Канаданын тарыхында жазылып калышы мүмкүн болуп турат. Эгерде сот “Камеко” 2,1 млрд доллар салык төлөбөй койгон деп тапса, бул эң чоң салыктан качуу аферасы болуп калат дейт National Observer.

Канададан тышкары, АКШнын салык кызматы дагы “Камеко” 32 млн доллар салык төлөгөн эмес деген доо койду. Эми компания дагы канча салыктан качканы боюнча иликтөө жүрүүдө.

“Камеко” 1992-2003-жылдары кыргыз өкмөтү менен биргеликте Кумтөр кенин казып жаткан. 2003-жылы Кумтөр “Центеррага” өткөндөн кийин анын үлүшкери болуп калган. 2009-жылы “Камеко” “Центеррадагы” бардык акцияларын сатып бүткөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү