Мектептерде география сабагынан Кыргызстандын жалпы аянты 198,5 миң кв км деп айтылып келет. Бирок такталбаган аймактар көп болгондуктан, көп жерде чек ара ичкери кирип кеткени жашыруун эмес. Анын үстүнө, Өзбекстан менен Тажикстанда Кыргызстан менен болгон чек арасы биздикинен башкача айтылат. Эмнеге? Saat.kg изилдеп көрдү.

Алгачкы чийилген чек

1924-жылы кыргыздын алгачкы шарттуу чек аралары орнотулган мамлекети — Кара Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөн. Маскөөдөн келген адистер жарым-жартылай кыргыз мамлекетинин чегин кагазга түшүрүп, белги коюп кеткен. Бирок ар кандай кырдаалдардан улам айрым жер тилкелери бирде ары, бирде бери өтүп олтуруп, эки тараптуу жер талашуулар болуп турган.

Кара кыргыз авт облусуКара кыргыз

1956-жылы Орто Азиядагы союздук республикалар арасында кайрадан чек араларды тактоо иштери жүргүзүлгөн. Анда Кыргызстан 1924-жылы өтүп кеткен жана такталбаган жерлерди кайра алууга жетишкен. 1924-жылы Кыргызстан РСФСРдын курамындагы автономдуу облус гана болуп, ал эми Өзбекстандын РСФСР менен тең ата союздук республика болушу көп чек ара маселелери Өзбекстандын пайдасына чечилсе керек.

Ал эми 1956-жылы Кыргызстан 15 союздук республика менен тең укукту республикага айланып калган эле. Ошондуктан, чек араларды тактоодо тең ата иш жүргүзө алышкан. Бүгүнкү күндө Кыргызстан кайсыл бир чек ара маселелерде 56-жылдагы картаны көтөрсө, коңшу өлкөлөр 24-жылдагы картаны көтөрүп чыгышат.

Тактык жаратпаган талаш

Союз мезгилинде чек ара талаштары анчалык деле чоң көйгөйлүү маселе болгон эмес. 1991-жылы эгемендүүлүктү алгандан кийин Кыргызстан алгачкы 10 жыл аралыгында Кытай жана Казакстан менен чек ара тилкелерин тактап, бекитип жетишкен. Бирок Өзбекстан жана Тажикстан менен Фергана өрөөнүндөгү чектешкен аймактар бүгүнкү күнгө чейин такталбай келет.

Чындыкты кабыл алыш керек, ошол талаш аймак деп эсептелген жерлердин көпчүлүгү коңшу өлкөлөргө өтүп кеткени анык. Дагы да болсо Кыргызстандын ичкери тараптарын талаш деп эсептеп келишет. Мисалы, жаздагы Акысдагы болгон окуялар буга далил.

Мамлекеттик чек ара кызматынын берген маалыматы боюнча, Кыргызстандын чек арасы узундугу мындай:
  • Тажикстан менен — 970,8 км
  • Өзбекстан менен — 1378,144 км
  • Кытай менен — 1084 ,35 км
  • Казакстан менен — 1241,58 км
Жалпы чек ара узундугу — 4675,17 км. Мурунтан айтылып, география окуу китептеринде мамлекеттин жалпы аянты 198,500 км кв деп окутулуп келет.

Бирок Өзбекстандын жазган маалыматы боюнча Кыргызстан менен чектешкен аймагын 1099 км деп берген. Ал эми Тажикстандын көптөгөн маалымат каражаттарында Кыргызстан менен чектешкен чек аранын узундугун 870 жана 980 км деп берсе, Тажикстандын тышкы иштер министирлигин расмий сайтында 987 км деп жазылып турат. Эмнеге мындай ар түрдүү сандар чыгып жаткандыгы тууралуу так маалымат жок. Балким Өзбекстан Кыргызстандын ичиндеги анклавдарды эсептеген эмес, Тажикстан да ушул абалда болушу мүмкүн.
Анклавдар

Бул тууралуу делимитация иштери бөюнча өкмөттүн өкүлүндөгү эксперттер буга өкүл гана жооп беререрин, ал азыр командировкада экендигин айтышып, жооп берүүдөн баш тартышты.

Ал эми Казакстан кыргыз тарап көрсөткөн сан менен берет. Кытай да ушундай маалыматты көрсөтөт. Ошондо жалпы чек ара узундугун кошкондо 4294,93 км болуп калат.

Мында Кыргызстан көрсөтүп келген 198,500 км кв чыкпай турганы ачык көрүнүш. Бирок бүгүн Кыргыз Республикасынын президентинин расмий сайтында мамлекеттин жалпы аянты 199,9 миң. км кв деп жазылып турат.

Сырттан канча көрүнөбүз?

Ал эми дүйнөдөгү өлкөлөр биздин мамлекеттин аянтын ар түрдүүчө көрсөтүп келет. Мисалы: Аравиянын маалыматы боюнча Кыргызстан 199,900 км кв ди түзөт. Түркиянын расмий маалыматтарында Кыргызстандын жалпы аянтын 199.951 км кв деп берет. Германия 199,900 км кв деп берсе, Англис тилдүү өлкөлөр 199,951 км кв деп айтат.

Ал эми Франция, Жапония 198,500 км деген маалыматты берип келет.

Коңшу өлкөлөрдөн Өзбекстан Кыргызстандын аянтын 198,500 км деп берип келет. Казакстан, Тажикстан, Кытай да Кыргызстанды ушундай сан менен көрсөтөт.

Кыргызстандын чек араларынын көпчүлүк бөлүгү такталган эмес, бир канча жери коңшу өлкөлөргө өтүп кеткен. Мен билгенден Шамалды-Сайдагы Ош-Бишкек жолунун боюндагы жер тилкелер, Кербен шаарына жакын жердеги чек ара, Сузак районунда, Кара-Суу районундагы Керме тоонун айланасында Өзбекстан Кыргызстанды карай ичкери жылып кеткен. Ошондуктан, 199,900 деп берүү кайсыл жерлер менен эсептелип жаткандыгы бүгүн таң каларлык көрүнүш.

Чек араӨзбекстан менен чек ара

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү