Депутаттар үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Мыйзам боюнча, жабыркаган тараптын зордук көрсөткөн адамды үйүнөн чыгарып салууга мүмкүнүчүлүгү бар. Талкуулап жатып, Кожобек Рыспаев (КСДП) эмне үчүн зомбулуктан бир гана аялдар корголот деген суроо койду.

Анын айтымында, укугу бузулган эркек кишилер көп.

“Аялдар бала төрөп алып, күйөөсүн үйүнөн кууп чыгат. Күйөөсүнө зордук көрсөткөн аялдар канча?! Эркектер көргөн зомбулукту дагы токтотуш керек, алардын дагы укуктарын коргоо зарыл”, — деди депутат.

Төрага Чыныбай Турсунбеков (КСДП) кесиптешинин сөзүнө кошулуп, анын айтканы статистикага негизделгенин айтты. Ал белгилегендей, 2013-жылдан тарта эркектерге карата зомбулук фактылары 60%га өсүп кетти.

Камчыбек Жолдошбаев (“Өнүгүү-Прогресс”) дагы эркек кишилер зомбулукка кабылып жатканын баса белгиледи.

“Эркектер үйүнө досторун чакыра албайт, анткени аялдары ичкен жокпу деп карап турат. Мен ИИМ жетекчисине айтаар элем, аялдар арыз жазса, кабыл аласыңар, эркектердикин кабыл албай жатасыңар”, — деди Жолдошбаев.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккандардын бири Таалайкүл Исакунова (“Кыргызстан”) белгилегендей, демилге үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн коргоого багытталган.

Бөлүшүү