42 адамдын өмүрүн алып кеткен терактты жасагандардын атуулдугу аныкталды. Алар Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Орусиянын жарандары болуп чыкты.
Мындай маалыматты түрк бийликтерине таянып, Reuters агенттиги жазып чыкты. Басылма билдиргендей, бийликтер террористтердин аты-жөнүн жана башка так маалыматтарды берген жок. Болгону, Орусиянын жараны буга чейин прессада айтылгандай Чечнядан эмес, Дагестандан экени аныкталды.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги болсо террористтердин бири кыргыз жараны деген кабарды четке кагып жаткан.
“Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу терроризмге каршы күрөшүү башкармасынын өкүлдөрү менен жолукту. Алар бул маалыматты тастыктаган жок. Жанкечтилердин өздүгү такталууда”, — деп айтылат ТИМ билдирүүсүндө.