Жолду “Технотоп” ЖЧК компаниясы салууда.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекция 27-июнда жолдун курулушун текшерип чыкты. Жыйынтыгында, жолду салуу архитектуралык-курулуш көзөмөлү жок жүрүп жатканы аныкталды.

Инспекцияга түшүндүрүп беришкендей, буга жол иштерине “Капиталдык оңдоо” макамы берилип калганы себеп болду.

Бишкек-аэропорт жолун оңдоо иштери 2015-жылы башталган. Мурунку өкмөт башчысы Темир Сариев жолго 100 млн сом акча бөлүнгөнүн айткан.