Потугалия курамасынын футболчулары чейрек финалда Польшаны жеңип, жарым финалга чыгышты.

Матч Марсель шаарындагы “Велодром” стадионунда өттү. Роберт Левандовский 2 мүнөттө эсепти ачып, бул Евродогу эң бат голдун ээси катары жызылып калды.

Поругалиялыктар эсепти 33-мүнөттө теңешти. Өз командасын алдыга сүйрөгөн Ренату Саншеш болду.

Кошумча убакытта командалар  дарбаза айланып эле жүрүштү, бирок эки тараптын тең коргоосу күчтүү болду. Ошентип, оюндун негизги да, кошумча да убакыты бүтүп, пенальти сериясына кезек келди.

Бул жерде португалияктар тагыраак болуп, Польшаны 5:3 менен жеңди.

Эми жеңүүчүнүн жарым финалдык атаандашы Уэльс-Бельгия оюунунан кийин билинет.