“Газпром Кыргызстан” жаратылыш газдын 1000 куб метрин эми $165 эмес, 150 доллардан алып баштаганындыктан, июль айында калк үчүн баасын түшүрдү.

Апрель айында калк үчүн 1 м3 газ 14,61 сом турган. Ишканалар үчүн – 17,89 сом.

Май айында калк үчүн 14,32 сом, ишканалар үчүн 17,56 сом болду.

Июнда – 14,33 сом жана 17,57 сом.

Июль айында калк үчүн газдын 1 куб метри 14,18 сом турат. Ал эми ишканалар жана бюджеттик уюмдар үчүн 17,41 сом болот.

“Газпром Кыргызстан” газдын баасын доллардын курсуна жана сатып алган наркына жараша ай сайын өзгөртүп турат.