Айрым географиялык аталыштар мезгил-мезгил менен алмашып турса, кээ бири бир ат менен калат. Кыргыз деңизи, Борбор Азия бермети Ысык-Көл да тарыхта ар кандай аталыштар менен аталып келген.
Ысык-Көл биздин заманга чейин I кылымда Кытай тарыхый жазма булактарында «Же-Хай», «Жылуу көл», «Тяньчи», «Толгон көл», «Янь-Хай», «Туздуу көл» түрүндө кездешет.
Атактуу орус синологу Б.Я Бичурин да «Суййе-шуй» жана «Йе-хе» деген географиялык аймактар да ушул көлдү түшүндүрөрүн айткан. Будист монах 630-жылы Кыргызстанда болгон саякатчы Сюань Цзань Куга шаарынан баштап көлдүн түштүк жагын кыдырып андан ары Чүй жана Талас дарыяларын кесип өтөт. Ал өзүнүн эскерүүсүндө төмөндөгүдөй жазат:
«400 ли чамасында тоолорду аралап өткөндөн кийин мен «Та-цинжи» аттуу көлгө же чоң тунук көлгө жеттим. Кээ бир авторлор аны «Жэ-хай», «Жылуу көл» же Хан-хай «Туздуу көл» деп аташат. Ал эми «Темурту-Нор» деген аты моңгол дооруна таандык. Калмактар тушунда «Туз көл» деп айтылган. Кийинчерээк «Жыт-Көл» деп аташкан», — деп жазылган.
Эң биринчи Ысык-Көл деген аталыш менен Х белгисиз автордун «Худуд ал-Алам» аттуу эмгегинде кездешет. ХI кылымдадагы тарыхчы Махмуд Гардизинин чыгармасында, көлгө жети күндө жеткенин, көлгө жетимиш дарыя куйганын, суусу туздуу экенин айтат. ХI кылымдан кийин тарыхый булактарда Ысык-Көл деп, кээ бир учурларда Туз-Көл деп аталып калган. Ал эми тарыхчы А. Аристов VII кылымдагы кытайлардын Таң маршуртун карап олтуруп, Янь-Хай деп аталган көлдү кытайлардын өздөрү «Иси-Куль» деп аташкандыктарын көрсөткөн. Ошондуктан Ысык-Көл деген аталыш VII кылымда эле болгон.
Бир канча өлкөлөрдү кыдырып, кооз жерлерди өз көзү менен көргөн орустун окумуштуусу атактуу географ П. Семенов Тянь-Шанский Ысык-Көлдүн кооздугуна катуу таасирленип, бүт дүйнөгө белгилүү болгон Женева көлү менен салыштырып, андан ашса ашарын, бирок кем калбай турганын белгилеген. Хива ханы Абулгазынын XVII кылымдагы жазган санжырасында Ысык-Көл тууралуу жакшы маалыматтарды берип, кооздугу белгиленген.
Ысык-Көл тууралуу Л.С.Берг, Э.М. Мурзаев, С.В.Узин Гумбольдт жана башка окмуштуулар изилдеп, анын эмнеге Ысык-Көл деп аталып калышкандыгы, эмне үчүн тоңбой тургандыгы жөнүндө көрсөтүшкөн. Ысык-Көлдүн эмне үчүн тоңбогону айланасында жана көлдүн түбүнөн ысык булактардын чыгып турушу, катуу шамалдар жүрүп толкундардын болушу, суунун аралашып турушу, айланасын тоолор менен курчалгандыгы, көлдүн аянтынын чоңдугу, тереңдиги, туздуулугу тоңдурбашы мүмкүн деген тыянакты чыгарышат.
Ысык-Көлгө жалпысынан 118 суу агып, бири-бирине кошулуп 80 суу куят. Алардын эң чоңу Түп, Жыргалаң, Барскоон жана башкалар. Бирок ошончо суу куйганы менен бир да суу кайра агып чыкпайт. Анткени көл бууланып абага көтөрүлүп кетет.