Акыркы учурларда кайсы жакка барсаң көпчүлүк саясат жөнүндө сүйлөшөт. Саясий окуяларды гана билбестен терминдерди да билип алыңыз. Saat.kg саясий терминдердин маанисинин сунуштайт.

Шайлоочулардын шайлоого жана референдумдарга катышуудан баш тартышы абсентеизм деген термин экен. Абсентеизм тар маанисинде – шайлоо укугуна ээ адамдар шайлоочулардын тизмесине катталуудан же добуш берген күнү шайлоо участогуна келүүдөн баш тартуусу; кең маанисинде – шайлоо участогуна келгени менен өз пикирин билдирбестен, шайлоо урнасына кийин жараксыз деп табылган бюллетендерди салган же такыр эле салбай кеткен шайлоочуларды айтса болот.

Демарш – бир мамлекеттин өкмөтүнүн же тышкы иштер ведомствосунун дипломатиялык өкүлүнүн башка мамлекеттин өкмөтүнүн алдында колдонуучу дипломатиялык аракети. Демарш дипломатиялык  бир масатка жетүүнү же бир конкреттүү дипломатиялык маселени чечүүнү көздөйт. Демарш нота, меморандум, билдирүү формасында жана мазмуну жагынан нааразычылык көрсөтүү түрүндө болушу мүмкүн.

Башкаруучу элита истеблишмент деп атаса болот. Саясий системада чечүүчү кызматтарды ээлеп тургандар, башкача айтканда өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык турмушта түздөн-түз таасир көрсөткөн коомдун башкаруучу жана артыкча укуктарга ээ топтору.

Мамлекеттерде жана айрым эл аралык уюмдарда мыйзамдардын күчүнө киришине жол бербөө укугу вето деп аталат. Кээ бир өлкөлөрдө король же президент парламент кабыл алган мыйзамдардын күчүнө кириши бүтүндөй же жарым-жартылай токтотууга укуктуу. Мыйзам долбооруна вето коюлуп, ал андан кийин биротоло алынып ташталса, абсолюттук вето, ал эми мыйзам долбоорунун күчүнө кириши убактылуу токтотулса, кийинкиге калтыруучу вето деп аталат.

Коммюнике эл аралык сүйлөшүү, макулдашуунун жыйынтыгы, маанилүү окуялар согуш опрециясы жөнүндө расмий билдирүү. Кат жүзүндө макулдашылган коммюнике эл аралык келишим катары каралат. Кээ бир мамлекеттер арасында макулдашкан токтом катары биргелешкен коммюнике кеңири колдонулат. Коммюнике кыска жана кеңири баяндалышы мүмкүн.

Апартеид расалык жана этностук белгилери боюнча бөлүп-жаруу жана дискриминациялоого багытталган саясат. Түштүк Африкада 1948-жылдан мамлекеттик расмий саясат катары жүргүзүлүп келген. Апартеид кара өңдүүлөрдү атайын жерлерге жайгаштыруу менен актарга аралыштырбоо, алардын саясий-экономикалык укуктарын чектөө, европалыктар менен никелешүүгө, алардын коомдук уюмдарга катышуусуна тыюу салуу, жумушка албоо жана башка камтыган.

Бул сөздөр Аттокур Жапановдун коомдук-саясий энциклопедиясынан алынды.