Майрам 8-июлда Бишкектеги “Дасмия” кыргыз айылы комплексинде кымыз өтөт.
Иш-чарада кымыздын түрлөрү, санжыра санаты тууралуу маалыматтар, кымыздын пайдалуулугу, жасалышы жөнүндө ой пикирлер айтылат. Кыргызстандын ар кайсы аймагынан келген кымыздардын сынагы жүргүзүлүп, мыкты кымыз аныкталат. Кымыз майрамынын жүрүшүндө атайын даярдалган өзгөчө маданий программа уюштурулуп, улуттук ыр-күүлөр менен катар, улуттук оюндар жана улуттук таймаш өнөрлөрүнүн көргөзмө көнүгүүлөрү болот.