Президент Аламзбек Атамбаевге ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөштү жигердештирүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Кашкар Жунушалиев ички иштер органдарынын бөлүктөрү өлкөдө өтүүчү ири эл аралык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга кандай даярдыктарды көрүп жатканы, ошондой эле туристтик сезон мезгилинде коомдук тартипти сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө да баяндап берди.

Андан тышкары, ички иштер министри милиция кызматкерлери үчүн турак жайларды куруу боюнча алдыдагы мерчемдер жөнүндө да айтып берди.

Атамбаев өлкөдө укук тартибин камсыз кылуу үчүн ички иштер органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу жана жарандардын милицияга болгон ишенимин жогорулатуу боюнча чараларды активдештирүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү