2016-2017-жылга карата Ататүрк Ала-Тоо университетинде медицина факультети ачылды. 

Окуу жай Saat.kgге билдиргендей, факультетте азырынча “Дарылоо иши” жана “Педиатрия” бөлүмдөрү бар. Окууга ЖРТ сынагы менен өтөт. Талон салуунун биринчи туру 18-июлда болот.

Жергиликтүү студенттерге 3 300, Борбордук Азиядан келгендерге 3 500 жана чет өлкөдөн келген студенттерге 4 500 долларлык контракт суммасы каралган.

Бөлүшүү