Жаратылышка залал келтирбөөнү чечкен өлкө пальма майын жана башка продукцияларды колдонууну артка калтырып, мындай жол экономикага залал келтиргенине да көз жумат.
Негизинен Скандинавия өлкөсү токойлорду сактап калуу боюнча катуу күрөшүп келе жаткандыктан, былтыркы жылы Бразилияга инвестиция катары 1 млрд доллар жөнөткөн. Ал өз кезегинде 85 миң кв км тропикалык токойлорун сактап калууга жардам берген.
Экологдор кагазды калдыктарды кайра иштетүү жолу менен алса болот. Ал эми күйүүчү май менен курулуш материалдарын чыгаруунун башка жолдору табылган деп билдиришет.
Жапайы жаратылыш дүйнөлүк фондунун (WWF) билдирүүсү боюнча, планета жылына 120-150 миң кв км чейинки токойлордон кол жууйт. Аларды кыюу топурактын эрозиясын күчөтүп, суулардын айланышына терс таасирин тийгизет.
Бак-дарактар жылына 850 дөн ашык адамдын жашоосун сактап, вирустук-инфекциялык оорулардын алдын алып турганын nat-geo.ru жазды.