11-июлга караган түнү Евро-2016 жыйынтыкталды.

Португалия менен Франция оюну күтүүсүз кырсык менен башталды. Роналду алган жаракатынан улам алгачкы  мөөнөттөрдөн баштап эле оюн талаасын таштап кетти. Бирок экинчи таймда машыктыруучу катары кайтып келди.

Португалиялыктар жеңишке жетти. Ал эми француздарга өз дубалдары да жардам берген жок.

109-мүнөттө Эдер атаандашынын дарбазасына топ киргизип, күйөрмандарды чексиз кубанычка бөлөдү.

Быйылкы чемпионат күтүүсүз окуяларга толду. Аутсайдер деп эсептелинген Уэльс фавориттердин бири Бельгияны жарса, эч ким билбеген 330 миң калкы бар Исландия көтөрүлүш жасап, Англия, Австрия сыяктуу курамаларды жеңип, 1/4 финалга чейин жетти.

Орусия баягыдай эле турнирде эң акыркы ал эми Франция жаңы баатырын тапты. Убагында француз клубдары албай койгон Гризманндын эми жылдызы жанды окшойт.

Ишенимдүү келе жаткан немис машинеси жарым финалдан бузулуп, күйөрмандарды кайгыга салды.  Ал эми Орусия курамасын болсо такыр эле таратып салуу керек деген арыздар интернет айдыңында күч алууда. Айтоор, бул Евро футбол ышкыпоздорунун эсинде көпкө калат окшойт.