Президент Алмазбек Атамбаев Испаниянын, Жаңы Зеландиянын, Судандын, Тажикистандын жана Таиланд королдугунун атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.
Мамлекет башчысы кыргыз жергесиндеги чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчылары менен жылуу учурашты жана аларды ардактуу жана жооптуу миссиясынын расмий башталышы менен куттуктады.
Президент элчилердин ишинин натыйжалары өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишеним билдирди. Атамбаев бул жаатта элчилердин ролун баса белгилеп, өлкөлөр ортосундагы өз ара мамилелердин динамикасы аларга байланыштуу болоруна токтолду.