ЖРТнын (Жалпы республикалык тестирлөө) өтмө упайынан ашкандардын саны былтыркыга 700 адамга көбүрөөк болду.

Билим жана илим министрлиги маалымдагандай, баарына бирдей өтмө упайын иштеп чыгуу мурунку жылы жолго коюлган.

Бирок ЖРТ системасы аны төмөн деп эсептептегендиктен кийинки жылы көтөрүшү мүмкүн.

Жогорку окуу жайга өтө албай калган абитуриенттерге орто адистик билим берүү жайларына тапшыруу сунушталат. Акыркы жылдардагы статистикалык маалыматтар боюнча колледждерге тапшырган студенттердин саны 47%га көбөйүп, алардын окууну бүтөөрү менен туруктуу маянасы бар ишке орношуп жатканы байкалган.