Ангела Меркелдин бир айлык маянасы Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин бир жылда тапкан кирешисиндей.
Германияда мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын көбөйтүштү. Эми Германиянын канцлери Ангела Меркель өкмөттүн мүчөлөрү, жана башка мамлекеттик кызматкерлер көбүрөөк айлык маяна ала башташат.
Tagesspiegel басылмасы жазгандай, Меркелдин айлык акысы 18 миң 820 еврону (1 млн 392 миң 680 сом) түзөт.
Канцлер мурдагы айлык маянасынан 828 еврого көбүрөөк ала баштады. Мурда 17 992 евро алса азыр 18 820 евро.
Ал эми өлкө башчынын декларациясына ылайык, Алмазбек Атамбаев 2015-жылы 1 млн 298 миң 448 сом иштеп тапкан.