Бул жолу баштапкы баасы 5 млн 250 миң сомду түзүп, биринчи аукциондон баасы 50%га төмөндөтүлдү.
42 миң 800 кв метр аянтты ээлеген мекеме жана имараттар, заводдун жабдуулары менен товардык-материалдык баалуулуктары кошо коюлган.
Экономика министрлиги маалымдагандай, аукцион 27-июлда саат 11:00дө Каракол шаарында өткөрүлөт.
Аталган завод банкрот деп табылгандан кийин, биринчи аукцион 10,5 млн сом менен июнь айынын башында өткөрүлгөн.