Алты айдын ичинде “Түндүк электро” ААК абоненттердин карызын төлөтүү үчүн сотко доо арыздарын жөнөткөнүн аталган ишкана билдирди.

Абоненттердин карыз болгон суммасы 58,9 млн сомду түзүп, өндүрүш тармагындагы абоненттердин 46,9 млн сому үчүн 149 арыз, Бишкек шаарындагы, Чүй жана Талас облусундагы абоненттердин 12 млн сомдук карызына 434 арыз жөнөтүлгөн.

Сот “Түндүк электронун” 6 өндүрүш абонентинен 1,9 млн сом жана жөнөкөй 58 абоненттен 1,6 млн сомдук карызына карата доо арызын канааттандырган.