Статистикалык комитети 2016-жылдагы жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды.

Өндүрүш продукцияларынын көлөмү Баткен, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы өндүрүш мекемелерине байланыштуу азайып кеткен.

Андан сырткары баалуу металлдар жана баалуу эмес минералдык продуктылардын көлөмүнүн азайып кетиши өндүрүшкө таасирин тийгизген.

Тескерисинче, азык-түлүк өндүрүүнүн көлөмү жогорулаган. Ага шекер, эт жана сүт азыктарынын, нан жана ундан жасалган кондитердик азыктардын өндүрүлүшү көбөйгөн.