Жарым жылда 31 млрд 63,1 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду.

Салык кызматы билдиргендей, 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 8 млрд 961,4 млн сомго же 40,5 пайызга жогорулаган.

Июнь айында 5 млрд 923,8 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 12,4 пайызга же 652,5 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

Былтыркы жылдын июнь айына салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 2 млрд 204,2 млн сомго же 59,3 пайызга жогорулаган.