Алматыдагы окуяны уюштурган адамдын өздүгү такталганын жана  анын террор уюштуруудагы максаты эмне болгону тууралуу ИИМ министри Калмуханбет Касымов ММКга билдирүү жасаган.

26 жаштагы Руслан Куликбаев буга чейин адам тоноп жана курал сактагандыгы үчүн 5 жыл 11 айга соттолуп чыккан. Өч алуу иретинде бул окуяга чейин бир аялды өлтүрүп, андан соң Алматы РИИБне чабуул жасап орган кызматкерлерин аткан.

Ок атуунун натыйжасында 3 орган кызматкеринин каза болгондугу маалым болгон. Ал эми 7сү жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Кылмышкер жана анын жардамчысы окуядан көп өтпөй кармалышкан.

Бүгүн эрте менен Алматы шаарынын акими Бауыржан Байбек окуяга кабылып жарадар болгондордун акыбалын сураган. Үчөөнүн абалы оор болуп жаткан. Түштөн кийин алардын бирөө каза болгондугу тууралуу маалымат тарады.

Мамлекет тарабынан каза болгондордун жакындарына 15 млн теңге, ал эми жарадар болгондорго 5 млн теңге бөлүнүп берилерин шаардын акимчилиги билдирген.

Набыт болгондордун сөөгү 20-июлда жерге берилет.

Руслан Куликбаев оорукандан тергөө изоляторуна которулуп, сурак бере баштаган.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев болуп өткөн кандуу окуяны террористтик акт деп атаганын Tengrinews.kz сайты жазып чыккан.

Бөлүшүү