18-июлда Дохада (Катар) кыргыз элчилигинин техникалык ачылуу аземи болду.

Элчилик миссиянын жанында мамлекеттик желек, маңдайда герб, ал эми аймакка кире бериш жерде кыргыз жана араб тилинде тактача илинди.

«Бул Катардагы биринчи кыргыз элчилиги. Желек жана герб Бишкекте жасалып биздин элчилер тарабынан атайын алынып келинди. Желектин ченеми 100-170 см. Желек сабынын узундугу — 5 метр ал Дохада жасалган. Желекти мындан да узунураак  жасоо пландалууда. Ал ысык температурага, шамалга , кумбороонго чыдаш керек», — деп билдирген.

Кыргыз элчилигинин өкүлчүлүгү Доханын Аль-Джебайлат аталышындагы борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Жанында борбордук мечит бар.

Кеңсени оңдоо жана жайгаштыруу иштери жүрүп жатат. Элчиликтин ачылуу аземи бул жылдын аягына пландалууда.

Нуран Ниязалиев элчиликтеги ачуудагы сезимдери менен өзүнүн жеке баракчасында бөлүшкөн.

 

 

 

Бөлүшүү