Бул конституциялык мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Мыйзамдын 24-беренесинин өкмөт мүчөсүн кызматтан бошотуу бөлүгүндөгү кемчиликтерин четтетүү максатында иштелип чыккан.

24-беренесинин 2-бөлүгүндө өкмөт мүчөсүн кызматтан бошотуу үчүн негиздерди (антты жана укуктук ченемдик актыларды бузуу) аныкталганы менен кызматтан бошотуу ким жана кандай тартипте аткарыларын такталган эмес. Ошондуктан өкмөт мүчөсү антты жана укуктук ченемдик актыларды бузган учурда аны кызматтан бошотуу тартибин укуктук жөнгө салууда так эместиктер келип чыккан.

Премьер-министрдин негизделген сунуштамасы боюнча президент өкмөт мүчөсүн кызматтан бошотот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.