Кыргызстандагы Украина элчиси Николай Дорошенко былтыр жарандык авиация менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Алар макулдугун беришти.

Анын айтымында, Украинада азыр авиакомпания түзүлгөн. Анын акционери түрк корпорациясы. Компания инфраструктура министирлиги  менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана алар Киев-Бишкек түз авиакаттамды ачууга уруксаат берди.

«Маршрутту балким  быйыл күздө ачабыз же келе жаткан жылдын башында. Бул lowcost -абдан арзан . Билет эки жакка 130 $»,- дейт Дорошенко

Бишкек-Киев авиакаттамы  2012-2014-жылдары  иштеген, бирок  Украинада чыккан жаңжалдардан улам жүргүнчүлөр агымы 70-80% азайып кеткен.

«Биз түз авиакаттам ачууга кызыкдарбыз. Бирок ишти дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктар кечеңдетип жатат. Чечилип калат деген үмүттөбүз. Бул эки өлкөнүн ортосунда болгон алаканы жана туризмди өнүктүрөт»,- деп кошумчалады.

Азыркы күндө жүргүнчүлөр Киевге чейин Алматыдан, же болбосо Москва, Стамбул, Рига, Таллин аркылуу барууга болот.